Редакцияот 17.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

2017-жылдын 17-марты № 01-10/10

Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу жана сарамжалдуу башкарууну камсыз кылуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамнын 31–беренесинин 1, 5 пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруу жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.

2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кеңеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.

3. Токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайра жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылуу жөнүндө Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана Жайыт комитетине эскертилсин.

4. Жайыт комитетинин башчысы, Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрү, жайыт пайдалануучулар, Баткен шаардык Кеңешине жана Баткен шаарынын мэриясына өз убагында тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду берип туруусу милдеттендирилсин.

5. Жайыт комитетине Баткен шаарынын мэриясы тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында аткарууга ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.

6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жүргүзүлсүн.

7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, аградык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Пинназаровго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Ташбеков