Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 01-10/15
Баткен шаарынын борбордук мазарына кошумча жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө №101 Мыйзамынын 31-беренесинин1-пунктуна, 18-берененин 8-пункутуна жана шаар мэриясынын сунушун талкуулап чыккан, шаардык Кеңештин муниципалдык менчик, айыл чарба, агрардык жер маселелери боюнча турктуу комиссиясынын 2017-жылдын 10-марттагы отурумунун №2 протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын баш планына ылайык борбордук мазарынын (35га) чыгыш түштүк тарабындагы КБФнын эсебиндеги 25 га өлчөмүндөгү жер аянты мазарга пайдалануу үчүн кошумча бекитилип берилүүгө макулдук берилсин.
2. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин КБФнын эсебинен 25 га жер аянты кыскартылгандыгы Баткен райондук жерге шайгаштыруу жана мамлекеттик каттоо башкармалыгына жана жогорку органдарга билдирүү жагы шаар мэриясына /М.Рахимов/ тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |