Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 01-10/16
«Баткен Тазалык» чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасынын 2017-жылга көрсөткөн кызматтары үчүн төлөмдөрүнүн акыларын (тарифтерин) бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 14-пункутуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна, Баткен шаар мэриясынын 2017-жылдын 1-мартындагы №03-4/238 сунуш катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Баткен Тазалык” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасынын 2017-жылга шаардагы чарба жүргүзүүчү субьектилер үчүн турмуш-тиричилик калдыктарынын топтолуусунун нормалары жана төлөмдөрүнүн акылары (тарифтери) бекитилсин.
2. Бекитилген төлөмдүк акылар (тарифтер) Баткен шаарынын калкына шаардык “Өрүк зар” газетасы аркылуу жеткирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |