Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 01-10/18
Баткен шаарынын аймагында өспүрүмдөрдүн интернет клубдарга жүрүүсүнө чектөө киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик” жөнүндө Кодексине ылайык жана Баткен шаарынын аймагындагы өспүрүмдөрдүн интернет клубдарда ата-энесинин көзөмөлү жок жүрүшүп, ар кандай кылмыштарга, кырсыктарга кабылып калбоосу үчүн алардын коопсуздугун алдын алуу максатында Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын аймагында өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында, алардын интернет клубдарда олтуруусуна төмөнкүдөй чектөөлөр киргизилсин:
-кышкы мезгил үчүн 15-октябрдан, 15-мартка чейин кечки саат 20-00гө чейин;
-жайкы убакыт үчүн 15-марттан, 15-октябрга чейин кечки саат 22-00гө чейин.
2. Шаар аймагында өспүрүмдөр үчүн интернет клубдарга чектөөлөрдү киргизүү үчүн тийиштүү чараларды көрүү жагы шаар мэриясына М.Рахимов тапшырылсын.
3.Өспүрүмдөрдүн интернет клубдарда чектөөдөн ашык олтурганы үчүн интернет клубдардын ээлери да администртивдик жоопкерчилике тартылаары эскертилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча турктуу комиссиясына /М.Мергенов/ тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |