Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 01-10/20
Баткен шаардык жергиликтүү бюджтетинен кээ штат бирдигин кармоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №33 Мыйзамынын 31-беренесинин 13-пункутуна жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2017-жылдын 17-февралындагы №01-22/85, 2017-жылдын 14-мартындагы №01-22/127 каттарына ылайык Баткен шаардык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 2-мартындагы протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине төмөнкү штат бирдиктери жергиликтүү бюджетин эсебинен кармалууга макулдук берилсин:
-адис (Булак-Башы; Аэропорт АТОсуна катчы)- 2 штат
-Баткен шаар мэриясынын юрист адисине –Баткен шаардык Кеңештин юрис милдети кошо жүктөлсүн.
-“Нур” балдарды калыптандыруу борборунун 0,5 ставка логопед штаты, 1ставка логопед штатына көбөйтүлүп берилсин;
-Баткен шаардык маданият бөлүмүнө 1-эсепчи штаты кармалууга макулдук берилсин
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |