БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2017-жылдын 17-марты № 01-10/22
Баткен шаар мэриясынын алдындагы жеке турак жай комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтомуна ылайык жана Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын 2016-жылдын 10-ноябрдагы “Баткен шаар мэриясынын алдындагы жеке турак жай комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №81 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында ММД 2017-жылдын 27-январдагы №01-22/42 сунуш катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаар мэриясынын алдындагы жеке турак жай комиссиясынын курамын бекиткен, Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын 2016-жылдын 10-ноябрдагы “Баткен шаар мэриясынын алдындагы жеке турак жай комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №81 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Баткен шаар мэриясынын алдындагы жеке турак жай комиссиясы төмөнкү курамда беитилсин:
1. Султанов М.М. Баткен шаарынын 1-вице мэри, комиссиясынын тең төрагасы;
2. Дубанаев М Баткен шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары тең төрага;
мүчөлөрү:
3. Аззамов Н шаар мэриясынын өнөр жай, курулуш, айыл чарба секторунун башчысы;
4. Эргешов К областык архитектура жана курулуш, шаар куруу башкармасынын башчысы;
5. Акматов А шаар мэриясынын алдындагы ММД башчысы;
6. Имаров А Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана мам. Каттоо башкармасынын башчысынын орун басары;
7. Добутов М шаардык Кеңештин депутаты;
8. Шарапов Д шаардык Кеңешинин депутаты:
9. Максытов К Келечек АТОсунун башчысы;
10. Сейдалиева Т Базар-Бшы АТОсунун башчысы;
11. Курбанбеков М Кызыл-Доң АТОсунун башчысы;
12. Турдубаев А Булак-Бшы АТОсунун башчысы;
13. Асанов С Кызыл-Жол АТОсунун башчысы
14. Талибаев А Чет-Булак АТосунун башчысы
15. Эргешова Г ММД адиси
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |