Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 01-10/24
Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын «Баткен шаарынын борбордук стадионунан муниципалдык 2 кичи футбол аянтча үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү №74 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө 2015-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пункутуна, Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2017-жылдын 16-февралдагы №01-22/80 катына, Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куру, коммуникация жана таранспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, муниципалдык менчик, айыл чарба, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумдарынын протоколуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын «Баткен шаарынын борбордук стадионунан муниципалдык кичи футбол аянтча үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү №74 токтомуна толуктоо киргизүү максатында Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын «Баткен шаарынын борбордук стадионунан муниципалдык 2 кичи футбол аянтча үчүн 1600 м2 жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү №74 токтомуна толуктоо киргизилсин:
-Баткен шаарынын борбордук стадионунан муниципалдык 2 кичи футбол аянтча үчүн бөлүнүп берилген 1600 м2 жер аянтына кошумча футбол аянтчанын кийинип чечинүүчү, окутуучу жана ажаткана жайлары үчүн 800 м2 жер аянты жалпысынан 2400 м2 жер аянты муниципалдык футбол аянтчасын курууга бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |