Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 3/1
Чет-Нура айыл аймагынын 2016-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын чыгымдоо жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын 2016-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймактык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын протоколу толуктоо жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин.
2. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жыл башынан калган калдык акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
№ | Статья | Чыгаша бөлүктүн аткарылышы | Сумма (миң сом) |
1 | 2214 | Транспорт чыгымдары | 10,0 |
2 | 2215 | Башка чыгымдар жана кызматтар | 227,5 |
3 | 2221 | Имарат жана жайлардын учурдагы ремонту | 31,0 |
4 | 2222 | Материалдарды жана буюмдарды алуу | 311,4 |
5 | 2823 | Соттун чечимин аткаруу | 1,9 |
6 | 2224 | Комур алуу | 53,2 |
7 | 3111 | Имараттар жана каналдар | 623,7 |
8 | 3112 | Машиналар жана камсыз кылуулар | 700,0 |
9 | 3113 | Башка негизги каражаттар | 10,0 |
|
|
| 1968,7 |
3. Баары-1968,7 миң сом (Бир миллион тогуз жүз алтымыш сегиз миң жети жүз сом).
4. Чет-Нура айыл аймагына караштуу бала бакчаларынын атайын каражаттарынын 2016-жылдын жыл башынан калган калдык акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
№ | Статья | Чыгаша бөлүктүн аткарылышы | Сумма (миң сом) |
1 | 2218 | Тамак аш алуу | 132,1 |
5. Баары – 132,1 миң сом (Бир жүз отуз эки миң бир жүз сом).
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |