Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-марты № 4/1
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар Бирикмесинин 2017-жылга жайыт башкаруу планын жана бюджетин бекитүү жана 2016-жылга отчетун угуу жөнүндө
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар Бирикмесинин 2017-жылга бюджетин, жайыт башкаруу планын жана 2016-жылга отчетун угуп (тиркелет) жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар Бирикмесинин 2016-жылга аткарылган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар Бирикмесинин 2017-жылга Жайыт башкаруунун иш планы бекитилсин.Чет-Нура айыл өкмөтү боюнча;-
- 25-апрелден тартып корук иштерин уюштуруу айдоо аянттарына жакын жайгашкан малчылар жаздоого көчүрүлсүн.
- жаздоого көчүү-20-апрелден
- жайлоого көчүү-25-майдан-15-июнга чейин
- күздөөгө көчүү-20-октябрдан
-кыштоого көчүүө15-ноябрдан баштап бекитилсин.
- 5-майдан баштап саан уйларга кезүү уюштурулуп, мал кайтаруу жалпы жайыт пайдалануучуларга эскертилсин.
- айыл ичинде бирден мингич ат, саап ичкен уйлар 1-2 баштан ашык өлчөмдө калтырылбасын.
-2017-жылдын 5-майына чейин корукка түшкөн малга эскертүү берилсин
-5-майдан баштап корукка түшкөн малга административдик штрафтар салынсын.
- корукка түшкөн мал зыян болуп калса, корукчу жоопкерчиликти моюнуна албайт.
3. Чет-Нура айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар Бирикмесинин 2017-жылга бюджети жалпы 700,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Чет-Нура айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар Бирикмесинин кошумча штаттык бирдиги бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |