Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-марты № 4/5
Чет-Нура айылындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерине мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу аукцион өткөрүү комиссиясын түзүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Чет-Нура айылындагы айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү мөөнөтү быйылкы 2017-жыл менен бүтүп жаткандыгына байланыштуу аукцион өткөрүүүчүн түзүлгөн комиссияны бекитүүүчүн Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 10-март 2017-жылдагы №36-б буйругу бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |