Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-октябры № 5
“Миң-Булак айылдык округунун башчысы Нусувалиев Дүйшенбек Токталиевичке ишеним көрсөтпөөнүн добушка коюлган добуштардын жыйынтыгы жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык округунун Кеңешинин V чакырылышынын 14 сессиясы жогорудагы айтылган Миң-Булак айылдык округунун башчысы Д.Т.Нусувалиевке ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Д.Т. Нусувалиев Миң-Булак айылдык окуругунун башчылыгына 2009-жылдын 18-декабрында 4(төрт) жылдык мөөнөт менен шайлангандыгын эске алынып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде добушка коюлган ишеним көрсөтпөө сунушу өтпөй калгандыгы белгиленсин
2. Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким М.К.Жунусовдон кабыл алынган токтомду колдоп берүүсү суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасы Кулукеев Келсинбекке жүктөлсүн.
Депуттардын Миң-Булак айылдык Округдук кеңешинин төрагасы: |
К.Кулукеев |