Загрузка документа…
ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Он-Арча айылдык Кеңешинин 27-шайланган 4-сессиясы
2017-жылдын 28-марты № 4/2
Он-Арча айыл өкмөтүнүн администативдик аймагындагы Кара-Суу участкасына кичи ГЭС салуу үчүн жер аянтын кароо жана бөлүү жөнүндө
Он-Арча айыл өкмөтүнүн административдик аймагындагы Кара-Суу участкасындагы Жайытка жараксыз(Аска-зоо,таштак жайыттар) № 219-221-232-242-243 контурларынан жер аятын кичи ГЭС салуу үчүн инвестор келип жаткандыгы тууралуу Оттук айылынын тургуну Ибраев Эдилдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап XXVII шайланган депутаттардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин I V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2,3-1,10-беренелерине ылайык, жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү Жобонуну негизинде, кичи ГЭС салуу үчүн Он-Арча айыл өкмөтүнүн администативдик аймагындагы жайгашкан Кара-Суу участкасындагы Жайытка жараксыз(Аска-зоо,таштак жайыттар)№-219-221-232-242-243 контурларын ____ га жер аятын трансфармациялап берүү үчүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын суралсын.
2. Бул токтомдун негизинде тиешелүү документтерин келишимдерин мыйзамдаштуруу аткаруу жагы Он-Арча айыл аймагынын башчысы
3. А. Молдосалиевге, жер адиси К. Турсуновго, жайыт комитети Т. Асанбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы Мандат, депутаттык иш, этика,коомдук тартипти сактоо, граждандардын укугун коргоо, мыйзамдуулук жана жаштар саясаты,жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | М. Босунов |