Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-марты № 4/6
2016–жылдын 11–декабрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоодо Кызыл–Кыя шаардык кеңешине депутат болуп шайланган Жолдошова Санталат Нишановнанын жана Эрматов Абдимиталип Маматисаевичтин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 24–беренесинин 2–пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3–, 5–беренелерине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52–беренесине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017–жылдын 21–февралындагы №52 токтомуна негиз, Кызыл–Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2017–жылдын 30–январындагы №4 жана 2017–жылдын 10–февралындагы №5 протоколдорун, шаардык кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын 2017–жылдын 20–январындагы №2 протоколун жана «КСДП» фракциясынын 2017–жылдын 2–февралындагы чыгуу №5 сунушун, Кызыл–Кыя шаардык кеңешине «Кыргызстан» фракциясынан депутат болуп шайланган Жолдошова Санталат Нишановнанын жана «КСДП» фракциясынан депутат болуп шайланган Эрматов Абдимиталип Маматисаевичтин өздөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча берген арыздарын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017–жылдын 11–январында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоодо Кызыл–Кыя шаардык кеңешине «Кыргызстан» фракциясынан депутат болуп шайланган Жолдошова Санталат Нишановнанын жана «КСДП» фракциясынан депутат болуп шайланган Эрматов Абдимиталип Маматисаевичтин Кызыл–Кыя шаардык кеңешине депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга макулдук берилсин.
2. «Кыргызстан» жана «КСДП» фракцияларынын партиялык тизмесинде кийинки кезекте турган талапкерлерге Кызыл–Кыя шаардык кеңешине депутаттык мандаттарын ыйгаруу жагы Кызыл–Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Жалиевге сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрайымы У.Дариповга тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |