КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-марты № 4/10
Кызыл–Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2017–жылдын 26–январындагы №4 «Өнүгүү–Прогресс» партиясынан депутат М.М.Миркадыровдун депутаттык мандатын алууга макулдук берүү жөнүндө» кайрылуу каты жөнүндө
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2000–жылдын 13–январындагы №3 Мыйзамынын 8-1–беренесине негиз, Кызыл–Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2017–жылдын 26–январындагы №4 кайрылуу катын жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан берилген сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2017–жылдын 26–январындагы №4 «Өнүгүү–Прогресс» партиясынан депутат М.М.Миркадыровдун депутаттык мандатын алууга макулдук берүү жөнүндө» кайрылуу каты эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаардык кеңешине «Өнүгүү–Прогресс» партиясынан депутат М.М.Миркадыровдун депутаттык мандатын алууга макулдук берүү депутаттар тарабынан колдоого ээ болбогондугуна байланыштуу, Кызыл–Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2017–жылдын 26–январындагы №4 каты кароо үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин «Өнүгүү–Прогресс» фракциясынын лидери А.И.Жамалдиновго фракциянын депутаттарын ынтымака чакыруу, биримдикте болуу боюнча иш алып баруу жагы сунушталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрайымы У.Дариповага жана шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |