Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 5/12
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине, «Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 Мыйзамынын 27-28-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №743, 2010-жылдын 25-мартындагы №184 токтомдору менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары жөнүндө» Жоболордун талаптарына ылайык, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессияларынын кабыл алынган токтомдорун жергиликтүү гезиттерге жарыялап, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин реестрине киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына өз убагында жөнөтүүнү камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралындагы №30 Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, Баткен облустук юстиция башкармалыгынын 2017-жылдын 14-февралындагы №01-8/95 «Токтомдорду мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө» катын жана статистикалык маалыматтар боюнча Кызыл-Кыя шаарынын аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаганын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) чакырылыштын мөөнөтү аяктаганга чейинки мезгил ичинде токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) ушул токтому каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин реестрине киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кенешинин төрайымы У.Дариповага жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |