Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 02-февралы № 3
“Миң-Булак айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Нусувалиевдин бир жылдык отчетун угуу жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин V чакырылышынын кезексиз он экинчи сессиясы, жогорудагы айтылган маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2009-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча берилген маалыматы эске алынып, аткарылган иштер канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Айылга жаңы типтүү мектеп куруу маселесине дайыма көңүл бурулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Депуттардын Миң-Булак айылдык округдук кеңешинин төрагасы: |
К.Кулукеев |