Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын II сессиясы
2013-жылдын 14-марты № 2/1
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кещешинин иш Регламентин, Чет-Нура
айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын жана Чет-Нура
айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кещешинин иш Регламентин, Чет-Нура айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын жана Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө жобосун иштеп чыгуу үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Жакыпов Жолдошбек - депутат Орто-Нура шайлоо участкасынан.
Култаева Кенжекан – депутат Орто-Саз шайлоо участкасынан.
Сатыбеков Темирлан – депутат Орто-Нура шайлоо участкасынан.
Нурбаев Алтынбек – депутат Ийри-Суу шайлоо участкасынан.
Абылгазиев Адилет – депутат Чет-Нура шайлоо участкасынан.
2. Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кещешинин иш Регламенти, Чет-Нура айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы жана Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө жобосу тез арада иштелип чыгып, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, кийинки сессияда бекитилсин.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.З. Мамыров |