Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын II сессиясы
2013-жылдын 14-марты № 2/2
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу
Комиссияларын дайындоо жөнүндө
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинде:-
экономика, финансы, бюджет, мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча комиссиясы;
айыл чарба, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча комиссиясы;
билим берүү, маданият, спорт, жаштар саясаты жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиялары түзүлсүн.
Экономика, финансы, бюджет, мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча комиссиясынын курамына:
Садыбакасов Эсенбек - депутат, Ак-Кыя шайлоо округу;
Жакыпов Жолдошбек - депутат, Орто-Нура шайлоо округу;
Сыдыкбеков Талант - депутат, Орто-Нура шайлоо округу.
Айыл чарба, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча комиссиясынын курамына:
Баяманов Токтонаалы- депутат, Ийри-Суу шайлоо округу;
Нурбаев Алтынбек - депутат, Ийри-Суу шайлоо округу;
Асанбек уулу Адилет- депутат, Чет-Нура шайлоо округу.
Билим берүү, маданият, спорт, жаштар саясаты жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын курамына:
Сатыбеков Темирлан - депутат, Орто-Нура шайлоо округу;
Култаева Кенжекан - депутат, Орто- Саз шайлоо округу;
Абылгазиев Адилет - депутат, Чет-Нура шайлоо округу
шайлансын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.З. Мамыров |