Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын IV сессиясы
2013-жылдын 10-апрели № 4/4
Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынын чыгыш саны № 3/9 11.01.2013-жылдагы билдирүүсүнүн негизинде кошумча аскердик эсепке алуу столунун инспектору штатын ачып берүү жөнүндө
Нарын шаардык аскер комиссариатынын каттоодо 300 аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу болгондо бир кызматкер, ал эми 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу болгондо эки аскердик-эсепке алуу столунун инспектору кызматкери болушун жана Чет-Нура айыл өкмөтү жети айылдан тургандыктан аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучулар көрсөтүлгөн сандан ашык экендигине байланыштуу кошумча аскердик-эсепке алуу столунун инспектору штатын ачуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынын чыгыш саны №3\9 11.01.2013-жылдагы билдирүүсүнүн жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктусуна ылайык КР +кмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы №451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүү киргизилгендиктен Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн 16-март 2012-жылдагы № 181 токтомунун негизинде кошумча аскердик-эсепке алуу столунун инспектору кызмат орду бекитилсин.
2. Жаңы ачылган кызмат орундун эмгек акыларын эсептеп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Мамырбековко тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Асанбековко жүктөлсүн.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.З. Мамыров |