Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын IV сессиясы
2013-жылдын 10-апрели № 4/5
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Нура айылынын жашоочуларынын кайрылуусун кароо
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Нура айылынын жашоочуларынын «Чоң-Эне» бала бакчасынын кире беришинде дүкөнчө орун алып, тазалык сакталбай ыңгайсыздык жаратып жаткандыгын, мыйзам боюнча билим берүү мекемелеринен соода-сатык жайлары 200 метр алыстыкта жайгашышы керектиги жана дүкөнчөнү алдыртып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап,
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылындагы «Чоң-Эне» бала бакчасынын кире беришинде жайгашкан дүкөнчөнү алдыртып берүү жөнүндөгү айыл жашоочуларынын кайрылуусу укук коргоо органдары тарабынан чечилүүгө тийиш болгондуктан сот органдары аркылуу чечилсин.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.З. Мамыров |