Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылынын 2-июну №9
Айыл округунун жайыттары жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Акназаров айыл округдук кеңешинин депутаттарынын. кезектеги 14-сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Акназаров айыл округунун жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин.
2.Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин:
-2010-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
- Кой-эчкиге-бир баш үчүн 17 сом
- Уй-жылкыга-бир баш үчүн 86 сом
- Торпокко-бир баш үчүн 60 сом.
3.Акназаров айыл округунун жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
4.Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жогоруда аталган жайыт жерлери менен кошо, тиркелген кабыл алуу өткөрүп берүү актысына ылайык жайыт инфраструктурасынын тиешелүү объектилери өткөрүп берилсин.
5.Бул токтом жарыяланган учурдан тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл округунун башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу О. Уметкуловго жүктөлсүн.
Төрагасы | Р.Рысматов |