Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын IV сессиясы
2013-жылдын 10-апрели № 4/6
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура
айылындагы Б.Бекжанов атындагы орто мектептин эшик, терезелерин
жана мектептин №2 корпусунун чатырчасын капиталдык ремонттон
өткөрүү үчүн акча каражатын кароо жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура айылындагы Б.Бекжанов атындагы орто мектептин №2 корпусу 1960-жылы курулган. Ал эми 1985 жылы мектептин эки кабаттуу №1 корпусу курулган. Бүгүнкү күндө мектептин №2 корпусу курулганы капиталдык ремонт болбогондуктан, чатыры ар кай жеринен тешилип, тамчы таамп, контрамаркалардын түбүнөн суу агып ыңгайсыздык жаратып жатат. Бул боюнча райондук архитектурага кайрылып, эксперттин жыйынтыгы алынды.
Б.Бекжанов орто мектебинин №1 корпусунун эшик, терезелери эскирип жараксыз абалга келгендиктен тез аранын ичинде ремонттон өткөрүү зарылдыгын белгилеп, мектеп жамааты айылдык Кеңештен ушул маселени чечип, капиталдык ремонттон өткөрүп берүүсүн сурайт.
Жогорудагылардын негизинде, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймактык айылдык Кеңешинин IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Нура айылындагы мектептин №1 корпусунун эшик, терезелерин жана №2 корпусунун чатырчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн:
айыл өкмөтүнөн 157 250 (жүз элүү жети миң эки жүз элүү) сом акчалай түрүндө;
ашар жолу менен 157 250 (жүз элүү жети миң эки жүз элүү) сом өлчөмүндө жумуш түрүндө каралсын.
2. Орто-Нура айылындагы мектептин №1 корпусунун эшик, терезелерин жана №2 корпусунун чатырчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн акча каражатын карап берүү жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.З. Мамыров |