Редакцияот 26.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын V сессиясы

 

2013-жылдын 26-апрели № 5/6

 Чет-Нура айыл өкмөтүндө тазалык жыйымынын төлөмүн бекитүү жөнүндө

Чет-Нура айыл өкмөтүндө тазалык жыйымынын төлөмүн түтүнгө 2 (эки) сомдон бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн улук салык инспектору Ж.Айдралиевдин сунушун угуп жана талкуулап,

 Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кещешинин V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет-Нура айыл өкмөтүндө тазалык жыйымынын төлөмү түтүнгө 2 (эки) сомдон бекитилсин.

2. Чет-Нура айыл өкмөтүндө тазалык жыйымынын төлөмдөрүн өз убагында чогултуу айыл өкмөтүнүн улук салык инспектору Ж.Айдралиевке милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновко тапшырылсын.

 

Чет-Нура айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т.З. Мамыров