Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын VI сессиясы
2013-жылдын 7-августу № 6/3
Ак-Булуң айылындагы жаңы салынуучу клубдун 0,25 га муниципалдык
менчиктеги участогун алмаштыруу жөнүндө
Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булуң айылындагы клуб салуу үчүн бөлүнгөн 0,25 га жер аянты айылдан сырткары жайгашкандыктан жерди ушул эле айылдын тургуну Чолоев Мирбектин 0,25 га жерине алмаштыруу зарыл. Себеби, Чолоев Мирбектин участогу салына турган клубга ыңгайлуу.
Участокту алмаштыруу боюнча М.Чолоевдин макулдугунун негизинде, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Булуң айылынын тургуну Чолоев Мирбектин макулдугу менен Чолоев Мирбектин 0,25 га жери муниципалдык менчиктеги 0,25 га жерге алмашылсын.
2. Жерлерди мыйзамдаштыруу жагы Кыргыз Республикасынын Нарын райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.З. Мамыров |