Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын VI сессиясы
2013-жылдын 7-августу № 6/5
Орто-Нура айылынын тургуну Жумагулов Байышбектин арызын кароо жөнүндө
Орто-Нура айылынын тургуну Жумагулов Байышбек 2005-жылы Эки-Нура коомдук бирикмесинин Орто-Нура айылында жайгашкан кошумча имаратын таза сууну ишке ашыруу үчүн сатып алган. Бүгүнкү күндө тиешелүү жер аянты такталган эмес. Тиешелүү документтерди алуу үчүн жер аянтын тактап чечим чыгарып берүүнү сурайт.
Жогорудагылардын негизинде, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Нура айылынын тургуну Жумагулов Байышбектин арызы канааттандырылсын, сатып алган имараттын жер аянты такталып, мыйзамдыштырылып берилсин.
2. Имараттын жер аянтын тактап, тиешелүү документтерин берүү Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.З. Мамыров |