Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын VI сессиясы
2013-жылдын 7-августу № 6/7
Чет-Нура айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планын жарандардын катышуусундагы талкуулоо боюнча 2013-жылдын 22-23-мартында өткөрүлгөн коомдук угуунун жыйынтыгын эске алып жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планы бекитилсин.
2. Чет-Нура айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планында коюлган иш-чараларды аткаруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Чет-Нура айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышы жылдык отчеттордо белгиленип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, финансы, бюджет, мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.З. Мамыров |