Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
от 12 апреля 2011 года №166/25-5
Талас шаарындагы айрым мектептердин атын өзгөртүү жөнүндө
2010 - жылдын 6-7 апрель Элдик революциядагы кандуу окуяларда кыргыз элинин эртеңки келечеги үчүн болгон күрөштө эски бийликтин огунан каза болгон Талас шаарынын тургуну Эмилбек Айылчиевдин ысымын №7-орто мектебине жана №9 орто мектебине Жолчубек уулу Урматтын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү, Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн коллегиясынын чечимин, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши сессияда карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1."Апрель элдик революциясынын баатыры" наамына ээ болушкан Айылчиев Эмилбек жана Жолчубек уулу Урмат 2010 - жылдын 6-7-апрель Элдик революциядагы кандуу окуяларда эли, жери үчүн көрсөткөн эрдигине түбөлүк таазим кылуу жана кийинки муундарга патриоттук тарбия берүү максатында "Талас шаарындагы №7 орто мектебине Айылчиев Эмилбектин жана Талас шаарындагы №9 орто мектебине Жолчубек уулу Урматтын ысымдарын ыйгаруу жөнүндөгү" Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн коллегиясынын чечими колдоого алынсын.
2.Кабыл алынган токтом Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигине жөнөтүлүп, сессиянын чечими жактырылуусу суралсын.
3.Кабыл алынган токтом Талас шаарынын "Жаңы Багыт" газетасына жарыялансын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жоопту катчысына (А.Сариева) жүктөлсүн.
Төрага | А.Джусупбеков |