Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын VI сессиясы
2013-жылдын 7-августу № 6/8
Чет-Нура айылынын административдик аймагына жер салыгын жана
1, 2, 3, 4 тайпадагы мүлк салыгынын объектилерин киргизүү жана
Кз зоналдык коэфициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү» №231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун жана «Салык Кодексинин» 339 беренесинин 4-пунктунун негизинде, Чет-Нура айылынын административдик аймагында, Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинде» көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактап калу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-январь 2014-жылдан баштап Чет-Нура айылынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:
- айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салыгы, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы;
- 1, 2, 3, 4 тайпадагы мүлк обүектилеринин мүлк салыгы;
- Кз зоналдык коэфициенти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Салыктык эсептер төмөндөгү тартипте жүргүзүлсүн:
- жер салыгы жана 1, 2, 3, 4 тайпадагы мүлк обүектилеринин мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин» негизинде.
3. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук адилет башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом 1-январь 2014-жылдан баштап күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл аймактык өкмөтүнүн башчысы Кудайбергенов Камчыбекке тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.З. Мамыров |