Редакцияот 15.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын VIII сессиясы

 

2014-жылдын 15-январы № 8/4

 Чет-Нура айыл өкмөтүнө караган айылдардагы комок дүкөндөргө

спирт ичимдигин сатууга тыюу салуу жөнүндө

 

Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Орто-Нура айылынын 20.12.2013-ж№ 4 токтому,Чет-Нура айылынын 20.12.2013-ж № 4 токтому, Төш-Булак айылынын 25.12.2013-ж № 5 токтому, Ийри-Суу айылынын 17.12.2013-ж № 10 токтому жана Ак-Кыя айылынын 23.12.2013-ж №5 токтомдору депутаттарга тааныштырылды.

Токтомдорду угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кещешинин VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Ар бир айылдан кабыл алынган токтомдор мыйзамга ылайык келбегендиктен кийингки сессияга кароого калтырылсын.

 2. Кийинки сессияга чейин ар бир айылдарда кайрадан жыйындар өткөрүлсүн.

 3. Айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан арак саткан дүкөндөрдө:

- кечки саат 16 00 дөн эртещ мененки 8 00 го чейин арак сатууга, чектөө коюлсун

- 16 жашка толо элек өспүрүмдөргө арак, тамеки сатылбасын.

- коомдук жайда арак ичкендерге административдик айыптар салынсын.

 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

 

Чет-Нура айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т.З. Мамыров