Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
от 19 ноября 2010 года №145/23-5
Талас шаардык Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун жашоочуларына маалымат жана малга берилүүчү тактаманын тарифтери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация» жөнүндөгү Мыйзамынын 27 беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик монополия агенттигинин Талас областы боюнча өкүлчүлүгүнүн 2010-жылдын 20-августундагы № 22 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү» мыйзамдын 27 б. 2п. 16пп. депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талас шаарына Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун жашоочуларына маалымат жана малга берилүүчү тактаманын тарифин бекитүү жөнүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Кабыл алынган токтом Кыргыз Республикасынын адилет министрлигине укуктук базага киргизүүгө жөнөтүлсүн.
3.Кабыл алынган токтом тиркемеси менен Талас шаардык «Жаңы багыт» жана Талас областтык «Талас турмушу» газеталарына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу шаардык кеңештин «Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына (А.Байтелиев) милдеттендирилсин.
Төрага | А.Джусупбеков |