Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 30-май № 13/2
Чет-Нура айылынын тургуну Азимов Асанбекке Абакировичке
Чет-Нура айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Азимов Асанбек Абакирович 1936-жылы 15-октябрда Нарын районунун Төш-Булак колхозунда төрөлгөн.
1950-жылы орто мектепти бүтүп, ошол жылдан баштап 1959-жылга чейин Төш-Булак колхозунда колхозчу болуп иштеген.
1959-жылдан 1961-жылга чейин Ысык-Көл облусунун Пржевальский шаарында айыл чарба техникумунун ветеринария факультетин ийгиликтүү аяктап, эмгек жолун 1961-жылы Эмгекчил айылында веттехник болуп иштөөдөн баштаган. 1963-жылы Жданов колхозунуна которулуп, 1971-жылга чейин веттехник болуп эмгектенген. 1972-жылдан 1975-жылга чейин Зоотехник селекционер болуп иштеп, 1976-жылдан 1978-жылга чейин ветучастканын башчысы, 1980-жылдан 1983-жылга чейин уй ферма башчысы болуп эмгектенген. 1983-жылдан 1992-жылга чейин колхоздун башкы ветврачы, колхоз тарагандан кийин 1994-жылга чейин Чет-Нура айылдык бирикмесинде иштеп, 1995-жылы Ассоциация башчысы болуп иштеген. 1996-жылдан бери ардактуу эс алууда.
Азимов Асанбек Абакировичтин айыл калкына сиңирген эмгеги жогору бааланып, Пржевальск селхоз техникумунун «Ардак грамотасы», Жданов атындагы колхозунун «Ардак грамотасы» менен сыйланган.
Чет-Нура айылынын жалпы элдик чогулушунун 6-май 2014-жылдын №2 токтомунун негизинде, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айылынын жалпы элдик чогулушунун 6-май 2014-жылдын №2 токтому бекитилсин.
2. Чет-Нура айылынын тургуну пенсионер Азимов Асанбек Абакировичке Чет-Нура айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.З. Мамыров |