Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 30-май № 13/4
Ак-Булуң айылындагы мечитке ат берүү жөнүндө
Ак-Булуң айылынын тургундарынын 25-апрель 2014-жылдагы №2 токтому менен Ак-Булуң айылындагы «Кудайдын үйү» аталган мечит айылдын тургуну Абдыкайыров Токтомамыт- ажы ата өз каражаты менен салып бергендиктен, мечитке атын берүүнү сурайт.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 25-апрель 2014-жылдын Ак-Булуң айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун №2 токтому бекитилсин.
2. Ак-Булуң айылындагы курулган мечитке Абдыкайыров Токтомамыт - ажы атанын аты берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.З. Мамыров |