Редакцияот 25.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIV сессиясы

 

2014-жылдын 25-июлу № 14/2

Чет-Нура айылынын тургуну Сагындыков Тариэлдин турак жайга болгон менчик

 укугун бекитип берүү боюнча арызын кароо жөнүндө

 

Чет-Нура айылынын тургуну Сагындыков Тариэлдин турак жайга болгон менчик укугун бекитип берүү боюнча арызын сессияда талкуулап чыгып,

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2005-жылы «Таза суу» долбоору үчүн элдик салымга сатылып кеткендигине байланыштуу Чет-Нура айылында жайгашкан Кызыл-Тамдын күн батыш жагы тиешелүү жери менен Сагындыков Тариэлдин жеке менчигине бекитилип берилсин.

2. Тиешелүү документтерин тактоо Чет-Нура айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

 

Чет-Нура айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Жакыпов