Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
от 19 ноября 2010 года №146/23-5
Талас шаарынын Конечный көчөсүнө К.Сейдасановдун ысымын берүү жөнүндө
2010-жылдын 6-7-апрелиндеги болуп өткөн окуялардан кыргыз элинин эркиндиги үчүн күрөшүүдө каза болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ыйгарылган "Апрель элдик революциясынын баатыры" деген төш белгисине ээ болгондуктан жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар" жөнүндөгү 25.09.1997-ж. №67 мыйзамына ылайык, депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талас шаарындагы Конечный көчөсү Ч.Айтматов көчөсүнөн түштүктү карай (мал базар) Кыргыз Республикасынын "Апрель элдик революциясьшын баатыры" Сейдесанов Күмүшбек Сүйүнтбекович атындагы көчө болуп аталсын.
2.Кабыл алынган токтом Кыргыз Республикасынын адилет министрлигине укуктук базага киргизүүгө жөнөтүлсүн.
3.Кабыл алынган токтом Талас шаарынын "Жаны багыт" газетасына жарыялансын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Талас шаардык кеңешинин «Көчөлөрдүн жана башка социалдык-маданий объектилеринин аттарын кайрадан өзгөртүп атоо боюнча» туруктуу комиссиясына (Д.Осмонкулов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Джусупбеков |