Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 15-октябры № 16/1
Чет-Нура айыл аймагындагы арпа аянтын бир
жылдык чөп аянтына которуу жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагында күндүн ысык болуп жана кургакчылык болгондугуна байланыштуу 372 гектарга эгилген арпа аянты 25-сентябрь 2014-жылдагы комиссиясынын актысынын негизинде бир жылдык чөпкө которулууга жатат.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 25-сентябрь 2014-жылдагы комиссиясынын арпа эгиндерин бир жылдык чөп аянтына которуп берүү жөнүндөгү актысы бекитилсин.
2. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү 372 га арпа эгилген аянты бир жылдык чөп аянтына которулсун.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Жакыпов |