Редакцияот 02.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХIX сессиясы

 

2015-жылдын 2-февралы № XIX/1

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн №5396 Капка шайлоо участкасынын депутаты Ж.Пратов

айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу №5396 Капка

шайлоо участкасына кезектеги депутатты Ноокат райондук шайлоо комиссиясына

тактоо жөнүндө

 

 Кара-Таш айыл өкмөтүнүн №5396 Капка шайлоо участкасынын депутаты Ж.Пратов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу №5396 Капка шайлоо участкасына кезектеги депутатты Ноокат райондук шайлоо комиссиясына тактоо жөнүндө угуп талкуулап айыл кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн №5396 Капка шайлоо участкасынан тизме боюнча кезектеги кийинки талапкерди депутаттык мандатын алууга суралсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кенешинин туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Кара-Таш айылдык

Кеӊешинин төрагасы

А.Арынов