Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-сентябры № 2/1
2013-жылга карата айрым алыскы, пайдаланылбаган жайыттардын жер салыгын кыскартуу жөнүндө
2012-жылы Республика боюнча жайыттардын чек арасын тактоо иштери «Атлас-Плюс» ЖЧКу аркылуу такташылган. Ошондо мурун Кара-Бүргөн айылына тиешелүү 22991га жайыт жери бар болгон болсо, такталгандан кийин 43612га болуп өзгөрүп, бизге 20621га жайыт кошулду. Жайытыбыз кенейгени бир чети кубандырса, экинчи чети азыркы учурдагы калктын жашоо шартынын бир аз оордугунан улам быйылкы жылы пайдаланбай калабыз. Бирок ошол эле учурда мамлекеттик төлөмдөрдү төлөшүбүз зарыл. Ошон үчүн 2013-жылы Кайракы участкасынан 4230га, Ак-Шыйрак участкасынан 4275га, Арпа учуасткасынан 6000га ЖАЛПЫ- 14505га жерди пайдаланбагандыктан 2013-жылга карата жер салыгынан кыскартуу жөнүндө сунушу депутаттардын көпчүлүгү тарабынан жактырылды.
Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бүргөн айыл аймагына тиешелүү
1. Кайракы участкасынан-4230га 2.Ак-Шыйрак участкасынын-4275 га
2. Арпа участкасынын - 6000га ЖАЛПЫ- 14505га жайыт жери пайдаланылбагандыктан, 2013-жылга карата 14505 га жайыт жер үчүн 32636сом салыктан бошотулсун.
3. Бул токтомду аткарууну ишке ашыруу милдети жайыт комитетинин төрагасы Т.Калдарбековго тапшырылсын
Кара-Бүргөн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
У. Кыдыров |