Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-июну № 419
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун Тогуз-Булак айылдык аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун Тогуз-Булак айылдык аймагынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 12-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын "Жеке турак жай курууга жер участогун бөлүп берүү жөнүндө" 2012-жылдын 3-августундагы № 13-7/114 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун Тогуз-Булак айылдык аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 35.3 га кайрак айдоо жери жеке турак уйлөрдү курууга жарандарга берүү үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу коңуштардын жерлери" категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укукгуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыздасын:
-жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
-жогорку вольттогу электр өткөрүү линияларын чыгаруу же куруу зарыл болгондо жумуштарды каржылоо, булагын жана тартибин аныктоону;
-ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Т. А. Сариев |