Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык Кеңешинин кезексиз чакырылышынын VIII сессиясы
2013-жылдын 19-ноябры № 9/2
Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн өздүк курам боюнча 1-ноябрь 2013-жылдагы №13 буйругу жөнүндө
2013-жылдын 8-июлундагы №403 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу токтомунун негизинде аткаруу органынын штаттык бирдиктерин иштин оор, жеңилине карап бөлүштүрүү зарылчылыгы белгиленди.
Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз IХ сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн өздүк курам боюнча 1-ноябрь 2013-жылдагы №13 буйругу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 токтомунун негизинде бекитилсин.
Кара-Бүргөн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
У. Кыдыров |