Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык Кеңешинин кезексиз чакырылышынын XI сессиясы
2013-жылдын 28-декабры № 11/5
Жарандардын кайрылууларынын өз убагында аткарылышынын абалы
туурасында жооптуу катчы М.Төрөбек кызынын отчету жөнүндө
2013-жыл ичинде жарандар тарабынан 77 арыз келип түшкөн. Анын ичинен 13 адам турак-жай куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүнү сурап кайрылгандардын экөөнөн башка 11нин тең арызы канааттандырылган жок. (отчет тиркелет)
Жогорудагыларды белгилеп депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги ХI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарандардын кайрылууларынын өз убагында аткарылышынын абалы туурасында жооптуу катчы М.Төрөбек кызынын отчету канаттандыруусуз калтырылсын.
2. Кызмат абалын чечүү жагы айыл өкмөт башчысы Н.Соодонбековго милдеттендирилсин
Кара-Бүргөн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
У. Кыдыров |