Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-марты № 10/52
Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Саз айылындагы Орозбак уулу Сагынбай
атындагы орто мектептин үстүн жабуу үчүн проектисин кароо жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасында турган Кара-Саз айылындагы Орозбак уулу Сагынбай атындагы орто мектепти үлүштүк дем берүүчү гранттын негизинде мектептин үстүн жабып, терезелерин алмаштыруу тууралу Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Абыкеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Саз айылындагы Орозбак уулу Сагынбай атындагы орто мектептин үстү смала болгондуктан, катуу жаан жааган сайын үстүнөн жаан суулары агып, ичиндеги эмеректерди эскиртип жаткандыгы эске алуу менен, үлүштүк дем берүүчү гранттын негизинде мектептин үстүн жабып терезелерин алмаштыруу жагы жактырылсын.
2. Кара-Саз айылындагы Орозбак уулу Сагынбай атындагы орто мектептин үстүн жаптырып терезелерин алмаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин үлүштүк дем берүүчү грантынын конкурсуна тиешелүү документтерди( сметалык проектини) даярдап өткөрүү жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Абыкеевке милдеттендирилсин.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |