Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 11-ноябры № 14/71
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин 19-февралындагы №4/14 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Администрациялык-аймактык бирдиктерди атоо жана кайра атоо тартиби “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” жобо менен аталган Мыйзамдын 6-беренесине ылайык администрациялык-аймактык бирдиктерди адамдардын аттарын атоого жана кайра атоого тыюу салынгандыгынын негизинде депуттардын Кош-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү георафиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” жобо менен аталган Мыйзамдын 6-беренесине ылайык администрациялык- аймактык бирдиктерди адамдардын аттарын атоого жана кайра атоого тыюу салынгандыгынын жана “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1- бөлүгүнүн төртүнчү абзацына ылайык Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 19- февралындагы 4/14 токтому жокко чыгарылсын..
2. Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 19-февралындагы 4/14 токтому жокко чыгарылгандыгы тууралу маалымат Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин адам укуктары, конститутциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттке жөнөтүлсүн. 3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын өзүмдүн жетекчилигиме алам.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |