Редакцияот 08.01.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын III сессиясы

 

2013-жылдын 12-февралы № 3/1

Жаӊы-Арык айыл округундагы кызматкерлердин

2012-жылдагы ишинин отчетун угуу жана айыл округ

башчысынын ишине баа берүү жѳнүндѳ

 

Күн тартибиндеги маселе  - 1

1) Жаӊы-Арык айыл округундагы кызматкерлердин 2012-жылдагы ишинин отчетун угуу жана айыл округ башчысынын ишине баа берүү.

Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI-чакырылышынын III-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салык инспектору Акшарова Т, аскердик каттоого алуу столунун инспектору Султангазиев Т, вет.адис Ш.Жунушалиевдердин иши канааттандырарлык деп табылсын;

2. Айыл  ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары Р.Допоев, Базар-Турук Жана Кызыл-Эмгек айыл башчыларынын иши алты айлык отчет менен кайра каралсын. Кызарт айылынын айыл башчысы боюнча башка кадр тандоо жана үч күндүн ичинде дайындоо сунушталсын;

3.  Таза суунун башчылары Сатарова А, Туйтеева М, маданият үйүнүн башчысы С.Сманова, китепканачы К.Тѳлѳмүшова, жайыт комитетинин тѳрагасы Р.Маарасуловдордун иштери алты айдын жыйынтыгы менен кайрадан баалансын, иш орду чечилсин;

4. Финансы-экономикалык бѳлүмдүн башчысы Т.Султанкадыровдун иши боюнча кезексиз сессияда 2012-жылдын толук отчету угулгандан кийин баалансын, 2013-жылдын бюджетин бекитүү жагы каралсын;

5. Айыл ѳкмѳт башчысы М.Жумашүкүровдун иши канааттандырарлык эмес деп табылсын жана иш ордун кароо Жумгал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Исагуловго сунушталсын;

 

Жаңы-Арык айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Жумаева