Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын V сессиясы
2013-жылдын 5-марты № 5/2
Жаӊы-Арык айыл ѳкмѳтүнүн Кызыл-Эмгек айылына мечит куру боюнча Жаӊы-Арык
айыл ѳкмѳтүнѳ 0,13 га жер участогун бѳлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе - 1
1. Жаӊы-Арык айыл ѳкмѳтүнүн Кызыл-Эмгек айылына мечит куру боюнча Жаӊы-Арык айыл ѳкмѳтүнѳ 0,13 га жер участогун бѳлүп берүү.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI-чакырылышынын IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаӊы-Арык айыл ѳкмѳтүнүн Кызыл-Эмгек айылындагы турак-жай салууга бѳлүнгѳн ген.пландын ичиндеги, бош турган 0,13 га жерге мечит салууга Жаӊы-Арык айыл ѳкмѳтүнѳ бѳлүнүп берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү Жаӊы-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Допоевке тапшырылсын.
Жаңы-Арык айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Жумаева |