Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын V сессиясы
2013-жылдын 5-марты № 5/3
Жаӊы-Арык айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жайгашкан Бител, Мегаком, О! уюлдук компанияларынын орнотулган базалык станциялары боюнча түзүлгѳн келишимдерди кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе - 1
1. Жаӊы-Арык айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жайгашкан Бител, Мегаком, О! уюлдук компанияларынын орнотулган базалык станциялары боюнча түзүлгѳн келишимдерди кароо.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI-чакырылышынын IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаӊы-Арык айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жайгашкан Бител, Мегаком, О! уюлдук компанияларынын орнотулган базалык станциялары боюнча түзүлгѳн келишимдер боюнча уюлдук компанияларга жиберилген каттардын жообу келгенден кийин гана каралсын;
2. Бител, Мегаком, О! уюлдук компанияларынын орнотулган базалык станцияларынан мурдагы келишимдер боюнча түшкѳн акча каражаттары тууралуу башкы бухгалтер Т.Султанкадыровго ар бир алты айда отчет берип туруу тапшырылсын.
Жаңы-Арык айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Жумаева |