Загрузка документа…
ЖАҢ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын VII сессиясы
2013-жылдын 2-апрели № 7/1
Жаӊы-Арык айылында айдап себүү, мал багуунун акысы, корук, айыл-чарба техникаларынын эмгек акыларынын тарифтерин жана коруктун чыгуу убактыларын, жайлоого кѳчүү, кѳчүп келүү убактысын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе - 1
1. Жаӊы-Арык айылында айдап себүү, мал багуунун акысы, корук, айыл-чарба техникаларынын эмгек акыларынын тарифтерин жана коруктун чыгуу убактыларын, жайлоого кѳчүү, кѳчүп келүү убактысын бекитүү.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI-чакырылышынын V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жер айдоонун тарифтери тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин:
а) 1 га жерди айдоо дѳӊгѳлѳктүү тракторлор үчүн 1000 сом, 25 л күйүүчү май;
б) 1 га жерди айдоо каз тамандуу тракторлор үчүн 1000 сом, 30 л күйүүчү май. Эгерде соко маласы чогу болсо, 1200 сом, 40 л күйүүчү май
в) 1 га жерди малалоо- 400 сом, 10 л күйүүчү май
г) 1 га жерге эгин себүү – 400 сом, 10 л күйүүчү май.
2. Мал багуунун тарифтери тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин:
а) Бодо малга – 200 сом
б) майда жандыкка (кой, эчки) – 30 сом;
3. Айдоо аянтарындагы коруктун тарифтери тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин:
Корук 25-апрелден баштап уюштурулсун. Корукту уюштуруу иштери айыл башчыларга милдеттендирилсин.
а) Бодо мал үчүн айып пул – 200 сом б) майда жандык үчүн айып пул – 30 сом
4. Жайыттарга кѳчүү конуу боюнча:
а) Айдоо жерлерге жакын жайгашкан мал багуучулар 25-апрелге чейин ички жайлоолорго, ал эми 1-июнга чейин кечиктирилбестен сырткы жайлоолорго кѳчүрүлсүн;
б) кѳчүп келүү 10-20-октябрга чейин деп бекитилсин (жыйым-терим Жаӊы-Арык айылы боюнча толук аяктагычакты). Эгерде эрте кѳчүп келгендер болсо, мал бакан чабанга 5000 (беш миӊ) сом ѳлчѳмүндѳ, кѳчүрүп келген техниканын ээсине 5000 (беш миӊ) сом ѳлчѳмүндѳ айып пул белгиленсин;
5. Сугат боюнча тарифтер:
а) огород сугаруу кечки саат 8-00 дѳн, түнкү саат 01-00 чейин белгиленсин
б) Айдоо жерлерди сугаруу 1 га чѳп, жер сугат 4 саат, ал эми 1 га кара сугат 6 саат деп бекитилсин.
Топтун ичиндеги талаадагы сууну жыгып алса 10000 (он миӊ) сом айып пул салынып, жыгып алган топко суу берилбесин. Айыл ичиндеги огороддорго уруксат жок маалда суу жыкса 5000 (беш миӊ) сом айып пул белгиленсин.
Айыл ичинде жай боюу жайлоого кетирбей алып калган малдар боюнча:
а) жай боюу алып калган мал боюнча майда жандык ондон ашык алып калса, айдоо аянтарга жайылып, зыян келтирсе жана айдоо аянтынын ээсинен, айыл тургундарынан арыз доомат түшсѳ 5000 (беш миӊ) сом ѳлчѳмүндѳ айып пул белгиленсин.
Жаңы-Арык айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Жумаева |