Загрузка документа…
ЖАҢ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын VII сессиясы
2013-жылдын 2-апрели № 7/6
Жаӊы-Арык айылына спорт мектебин ачуу жана айыл-чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун ижарага берилген «Уй сарай» участогудагы 76 га жердин элге бѳлүштүрүлүшүн тактоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе - 2
1. Жаӊы-Арык айылына спорт мектебин ачууну уюштуруу;
2. Айыл-чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун ижарага берилген «Уй сарайдын үстү» участогудагы 76 га жердин элге бѳлүштүрүлүшүн тактоо.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,, Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI-чакырылышынын V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаӊы-Арык айылына спорт мектебин ачуу боюнча тѳмѳндѳгү депутаттарга жоопкерчилик тапшырылсын:
а) М.Муктарбеков – жооптуу
б) Р.Молдобазаров
в) Б.Дербишов
г) З.Аскаров
2. Айыл-чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун ижарага берилген «Уй сарайдын үстү» участогундагы 76 га жердин элге бѳлүштүрүлүшүн тактоо, мыйзамдуулугу боюнча карап чыгуу айыл-чарба, суу жана жер иштетүү комиссиясынын тѳрагасы Г.Бейшенбековго милдеттендирилсин.
Жаңы-Арык айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Жумаева |