Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-июну № 420
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абал облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука
айылдык аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 12-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 19-майындагы № 41 "Жерлерди бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө” токтомун көңүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылдык аймагынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылдык аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун 60,32 га жери, анын ичинде көп жылдык бак-дарактар ээлеген 60,02 га жер жана 0,30 га кайрак айдоо жери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу коңуштардын жерлери" категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер дин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- жогорку вольтгуу чубалгыларды чыгаруу зарыл болгондо жумуштарды каржылоо булагын жана тартибин аныктоону, ошондой эле жогорку вольттуу электр өткөрүү чубалгылары болгон учурда, куруунун жол берилүүчү чектөөлөрүн Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык сактоону;
- жер участокторун максаттуу пайдаланууну жана кезектүүлүккө ылайык бөлүштурүүнү бекем сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроенер жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Т. А. Сариев |