Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куйручук айылдык Кеңешинин 23 сессиясы
2014-жылдын 4-марты № 22-1
XXVI чакырылган эл депутаттарынын Куйручук Айылдык Кеңешинин кезексиз 23- сессиясы Куйручук айыл аймагынын 2012-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга карата жергиликтүү бюджетин киреше жана чыгаша бөлүгү жана 2015-2016- жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Абылабеков жана финансы бөлүмүнүн башчысы Ы.Солтоеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Куйручук айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн2012-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн толуктоо жана өзгөртүү менен 8159,5 миң сом өлчөмү менен бекитилсин.
- 2014-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүн долбоору 3078,8 миң сом анын ичинен кирешелер 718,8 миң сом жана теңдештирмелик гранттан 2360,0 миң сом.
- 2015-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 309,5 миң сом анын ичинен кирешелер 763,8 миң сом жана теңдештирмелик гранттан 2326,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- 2016-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 3117,6 миң сом анын ичинен кирешелер 815,8 миң сом жана тендештирмелик гранттан 2357,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Кассалык айлануу 30,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Биринчи кезекте корголгон статьялар (эмгек акы, соц. фондго чегерүүлөр , коммуналдык чыгымдар , тамак-аш ж.б.) каржылансын. - 2014-жылдын бюджетинде көзөмөл сандын деңгээлинде белгиленген теңдештирмелик гранттан 2360,0 миң сом жана киреше бөлүгүнөн 718,8 болгону менен туруктуу экономикалык шартты камсыз кылуунун мамлекеттик стандарттын минималдык денгээлинде түзүлгөн бюджет 4500,2 миң сом болуп бюджеттик жетишпестик 1421,4 миң сомду түзгөндүгү эске алынып бул сумма КР Каржы министрлигинен суралсын.
- Бул каражатты каралган багыттарга жараша жумшоо жагы айыл аймагынын ФЭБ башчысы Ы.Солтоевага милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Абылабековго жүктөлсүн.
Куйручук айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Баисов |