Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куйручук айылдык Кеңешинин XXIX сессиясы
2014-жылдын 9-декабры № 31
Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылга каралган бюджетинен үнөмдөлгөн 158 миң 412 сом 60 тыйын (2013-жылдын үнөмдөлгөн каражатынан) ды жана Куйручук айылдык Кеңешинин 18-апрель 2014-жылдагы ХХIV кезексиз сессиясында кабыл алган № 23 токтомун жокко чыгаруу жана өзгөртүү жөнүндө
Күн тартибиндеги каралуучу маселе: Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Абылабековдун жана ФЭБ башчысы Ы. Солтоеванын билдирүүсүн, маалыматын угуп жана талкуулап Куйручук айылдык Кеңешинин 30 кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куйручук айылдык Кеңешинин 18-апрель 2014-жылдагы кабыл алынган ХХIV кезексиз сессиясынын № 23токтому жокко чыгарылсын жана өзгөртүлсүн.
2. Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014- жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн,кирешенин чыгашадан ашкан 158 миң 412 сом 60 тыйын (158 412,6) дын 8 миң 328сом 60 тыйын (8 328,6) ны Куйручук айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдарына жумшалгандыктан, калган калдык акча каражаттын суммасы 150 миң 84 сом (150 084) төмөндөгүчө бөлүнүп берилсин. - Субанбек ата Ынтымак жаштар уюмунун спорттук мектебинин имаратын ремонттоо үчүн 15 000 сом бөлүнүп берилсин. - Келишимдик негизде военкоматка форма алуу үчүн (резервдик ротага) 16 940 сом которулсун. - Куйручук айыл өкмөтүнүн газета журналдарынын төлөмдөрүнө жана бир жылга сактоо үчүн 15 468 сом которулсун. - Кызматтык “Нива” автомашинасына тетиктерди алуу үчүн 30 000 сом жана күйүүчү жана майлоочу май үчүн -9972 сом бөлүнсүн. - Аблас Сулайманов атындагы орто мектебине тех паспорт алуу үчүн райондук кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгына 12 000 сом бөлүнүп берилсин. - Куйручук айыл аймагынын Жайыт комитетинин төлөнбөй калган салыктын туумдары (пеня) на 40 000 сом которулсун. - Атайын каражат үчүн 1704 сом которулсун.
3. Бул каралган каражатты багыттарына жараша жумшоо жагы Куйручук айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ы. Солтоевага милдеттендирилсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Абылабековго жүктөлсүн.
Куйручук айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Баисов |